Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматкерлер үчүн министр менен түз байланыш түзгөн QR-код системасы кирди. Бул тууралуу “Кабар подкаст” берүүсүндө өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.
Анын айтымында, QR-коддор ар бир кызматкер иштеген бөлмөлөргө илинип, алар аркылуу эч кандай ортомчусуз өз маселесин же сунушун түз жеткирүүгө болот. Маалымдалгандай, бардык кайрылуулар электрондук почтага келип түшөт.
“Ар бир иш бөлмөлөргө атайын QR-коддорду илдирип койдум. Бул кызмат аркылуу ӨКМдин бардык кызматкери өз маселеси менен түз кайрыла алышат. QR-код электрондук почтага байланып, бардык суроолор ошол жакка келип түшөт. Бардык кайрылууларга жооп берүүгө аракет кылам. Бирок, азыркы күндө бир да кайрылуу түшө элек. Мен ойлойм, бул жаңы инструмент болгондуктан, азырынча ишенбөөчүлүк болушу мүмкүн", — деди ал.
Мындан тышкары, министр кызматка дайындалган үч ай ичинде өлкө боюнча бардык 92 өрт-куткаруу бөлүктөрүн кыдырып чыгып, кызматкерлер менен жеринде жолугушканын белгиледи.