Милиция балдарга жылмаюу тартуулады – видео

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 11:00

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ИИМ балдар үчүн жагымдуу белек даярдады.

Ведомстводон билдиришкендей, милиция кызматкери жумшак оюнчуктарды балдардын жанына атайын кокусунан түшүрүп жаткандай түр көрсөттү. Балдар аларды көтөрүп алып, ээсине кайтарып берүүгө шашылышкан. Бирок анын ордуна күтүлбөгөн белекке ээ болушту.

"Балдардын чын жүрөктөн чыккан сезимдери, кубанычтуу күлкүлөрү жана бактылуу жүздөрү бул майрамдын көркү болду. Анткени балдардын жүрөгүндө эң жылуу эстеликтерди дал ошол көңүл буруу, камкордук жана жакшылык жаратат",-деп айтылат маалыматта.