Мигранттардын эсине: Россияга бара тургандар эмнелерди билүүсү зарыл?

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 11:51
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияга иштөө үчүн бара турган Кыргызстандын жарандары билиши керек болгон маанилүү маалыматтарды сунуштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Россияга барууну пландагандар алгач Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде өзүн текшерип алуусу керек.

Ошондой эле Россиянын мыйзамдарына ылайык, анын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарыл:

  • 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү;
  • 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында Москва шаарына жана Москва облусуна барган жарандар үчүн миграциялык каттоого "Амина" тиркемеси аркылуу туруу талап кылынат, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтүшөт;
  • эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү;
  • 90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу (миграциялык картага миграция органдары тарабынан белгилөө коюу аркылуу).

Кыргызстандын жарандары суроолор боюнча КР Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек жана байланыш телефону аркылуу кайрыла алышат:

  • дареги: Москва шаары, Малая Полянка көч., 7-үй, 5-корпус;
  • тел.: +7 996 968 98 97.