Мигранттарды мекенге кайтаруу жана колдоо: Жаңы программа бекитилди

Коом Загрузка... 15 Май 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.52.00.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. 14-майда министрлер кабинетинин тескемеси менен 2026-2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча программасы бекитилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программа президенттин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына жана 2021-2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясына ылайык иштелип чыккан.

Программанын негизги максаты – чет мамлекеттерден кайтып келген Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн комплекстүү системасын түзүү, алардын социалдык жана экономикалык жактан ийгиликтүү адаптацияланышын камсыз кылуу, ошондой эле кесиптик, эмгектик жана ишкердик потенциалын өлкөнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.

Программа кайтып келген мигранттарды туруктуу реинтеграциялоого багытталган бир катар артыкчылыктуу багыттарды камтыйт. Атап айтканда, экономикалык колдоо механизмдерин киргизүү, иш менен камсыз кылууга жана өз алдынча эмгектенүүгө көмөк көрсөтүү, кесиптик кайра даярдоону уюштуруу, ошондой эле чет өлкөлөрдө алынган квалификацияларды жана көндүмдөрдү таануу механизмдерин өнүктүрүү каралган.

Ошондой эле мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана психологиялык адаптациясы боюнча чараларды камтыйт. Анда жарандарга реинтеграция жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн адистештирилген колдоо борборлорун түзүү, маалымат платформаларын жана санариптик кызматтарды өнүктүрүү талап кылынат.

"Аны иштеп чыгуу зарылдыгы эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүү процесстерине байланышкан учурдагы миграциялык чакырыктар менен шартталган. Анын ичинде кабыл алуучу өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, геосаясий туруксуздук жана тышкы экономикалык факторлор эске алынган", - деп айтылат маалыматта.

Программаны ишке ашыруу кайтып келген жарандардын өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна толук кандуу интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ишкердик активдүүлүктү колдоого, калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга жана Кыргызстандын адамдык капиталын чыңдоого мүмкүндүк берет.