Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесинде агроөнөр жай комплекси курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Комплекс 18 лотко бөлүнүп, эт-сүт багытында мал багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү агрардык өнөр жай ишканаларын курууга фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет.
"Долбоор ишке ашканда 980ден ашык адам туруктуу жумуш орду түзүлөт. Аталган комплексти ишке киргизүү үчүн 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.