Мэрия "Дордой" базарындагы аялдаманын "салтанаттуу ачылышын" төгүндөдү

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 11:30

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Социалдык тармактарда "Дордой" базарынын аймагында жаңы курулган аялдамага шарлар байланып, анын расмий ачылыш аземи болору тууралуу видео тараган.

Бишкек шаарынын мэриясы бул ишке тиешеси жок экенин жана расмий же майрамдык ачылыш пландаштырбаганын, ошондой эле аялдамага шарлар соодагерлер тарабынан илингенин билдирет.

Муниципалитеттен «салтанаттуу ачылыш» тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгилешти.