Мэр Бишкекке келе турган жаңы автобустардын бирин көрсөттү – видео

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 14:03
copyright icon WWW

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаага быйыл ноябрда келе турган жаңы заманбап автобустардын бирин көрсөттү.

Мэр автобустар ак-кара түстө, узундугу 12 метр, үч эшиктүү, 28 орундуу экенин түшүндүрдү. Алар кондиционер, видеокамералар, мониторлор менен жабдылган. Майыптар коляскасы үчүн пандус да бар.

Эскерте кетсек, ноябрда Бишкекке кытайлык Yutongкомпаниясынын 95 автобусун алып келүү пландалган.