Мектептерге жакын жерде зыяндуу тамак-аштарды сатууга тыюу салуу сунушталууда

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 18:10
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ мектептерде окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды өркүндөтүүгө багытталган.

Долбоорго ылайык, "Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" аттуу 6-тиркемеге төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

  • Зыяндуу тамак-аш азыктарын саткан соода объекттерин мектептин аймагынан 100 метр радиуста жайгаштырууга тыюу салынат.
  • Тыгыз курулуш шартында мектеп имараттарын 4 кабатка чейин курууга жол берилет, ошол эле учурда жогорку кабатта кызматтык-тиричиликтик, рекреациялык жана кошумча жайлар (психолог, логопед, социалдык педагог кабинеттери) жайгаштырылышы мүмкүн.
  • Мектеп ылайыкташтырылган имаратка жайгаштырылган учурда, жайлардын милдеттүү топтомун камсыз кылуу зарыл: окуу класстары, тамактануу жайлары, медициналык кабинеттер, эс алуу жайлары, административдик-чарбалык жайлар, дааратканалар жана кийим илгичтер.
  • Жертөлө жайларын китепкана, ашкана, спорттук же чогулуш залдары катары колдонууга жарыктандыруу, желдетүү жана температуралык режим боюнча санитардык нормалар сакталган учурда гана жол берилет.
  • Спорт залдарында балдар жана кыздар үчүн өзүнчө чечинүүчү бөлмөлөрдү жана дааратканаларды, ошондой эле имараттын техникалык мүмкүнчүлүктөрү болгондо жуунуучу жайларды (душ) жабдуу сунушталат. Өзүнүн спорт залы жок болгон учурда жакын жайгашкан спорттук курулуштарды колдонууга жол берилет.