Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат - министрлик

Коом 6 март 2025 09:19
Мектептерде  жазгы каникул 17-мартта башталат - министрлик
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек,06.03.25./Кабар/. Мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 17-марттан башталып, 23-мартка чейин созулат. Төртүнчү чейрек 24-марттан тарта башталат.

Белгилей кетсек, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына ылайык аныкталган.