Мектеп жана коом: Балдардын укуктарын коргоонун механизмдери талкууланды

Коом 28 Апрель 2026 15:50
69ef4e8161de4.jpeg
69ef4e8347821.jpeg
69ef4e8349fd4.jpeg
69ef4e8234f2b.jpeg
69ef4e81990cc.jpeg
69ef4e8119343.jpeg
69ef4e80b0d88.jpeg
69ef4e807f780.jpeg
69ef4e806b789.jpeg
69ef4e800984d.jpeg
69ef4e7fe1b2a.jpeg
Алдыга
Артка
69ef4e8161de4.jpeg
69ef4e8347821.jpeg
69ef4e8349fd4.jpeg
69ef4e8234f2b.jpeg
69ef4e81990cc.jpeg
69ef4e8119343.jpeg
69ef4e80b0d88.jpeg
69ef4e807f780.jpeg
69ef4e806b789.jpeg
69ef4e800984d.jpeg
69ef4e7fe1b2a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын мектептердин жетекчилери жана өз алдынча башкаруу өкүлдөрү менен алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууда балдардын катышуусун кеңейтүү маселелерине арналган интерактивдүү диалогго катышты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө балдардын пикирин эске алуунун туруктуу механизмдерин калыптандыруунун жана алардын билим берүү чөйрөсүнө, социалдык колдоо жана шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоого катышуусунун практикалык формаларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. 

Диалогдун алкагында катышуучулар балдардын жана өспүрүмдөрдүн жыргалчылыгына тиешелүү бир катар актуалдуу багыттарды белгилешти. Алардын арасында психологиялык коопсуздук, кысымчылыкты жана киберкысымчылыкты алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоого каршы туруу, психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоону күчөтүү.

Билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган өзүнчө сунуштар блогу каралды. Мектеп инфраструктурасын модернизациялоо, медициналык кабинеттердин ишин жакшыртуу, педагогдордун эмоционалдык бакубаттуулугун сактоо, ошондой эле билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Окуучулардын жарандык активдүүлүгүн жана социалдык жоопкерчилигин калыптандыруунун маанилүү куралы катары мектептик өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүүгө олуттуу басым жасалды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында талкуунун жүрүшүндө иштелип чыккан бардык сунуштар жана демилгелер жалпыланып, Кыргызстанда жаштар саясатын өркүндөтүү, шаардык чөйрөнү өнүктүрүү жана балдардын укуктарын ишке ашыруу механизмдерин чыңдоо боюнча мындан аркы иште пайдаланылат.