Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Республикалык топтоо пунктунда аскерге чакырылуучуларды Куралдуу күчтөрдүн катарына салтанаттуу узатуу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы чакырылгандар Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө жөнөтүлдү.
Иш-чарага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана аскерге аттангандардын жакындары катышып, ак жол каалашты.
Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында да уюштурулду.
Жарандарды аскер кызматына чакыруу президенттин жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө. Жазгы чакыруу өнөктүгү үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягына чейин уланат. Бул мезгил аралыгында миңдеген жаштар мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка тартылмакчы.