Мекендештерди кайтарууга көмөк: Кыргызстан Оман тарапка ыраазычылык билдирди — Кабар

Мекендештерди кайтарууга көмөк: Кыргызстан Оман тарапка ыраазычылык билдирди

Саясат 4 март 2026 17:30
Мекендештерди кайтарууга көмөк: Кыргызстан Оман тарапка ыраазычылык билдирди
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын тышкы иштер министри Сайид Бадр бин Хамад Аль‑Бусаиди менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана алардын дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү туруктуулукка жана коопсуздукка тийгизген таасири боюнча пикир алмашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Оман Султанатынын жетекчилигине жана элине чын ыкластуу колдоо жана тилектештик сөздөрүн жеткирди.

Кыргызстандын жарандарын Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мекенине кайтарууга көрсөткөн көмөгү үчүн Оман тарапка ыраазычылык билдирилди.

Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында бардык бар болгон карама-каршылыктарды дипломатиялык ыкмалар менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти.