Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Учурда Дубайда кырдаал кечээки күнгө салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган шаарда жүргөн Кыргызстандын жараны Жаркынай Асакунова билдирди.
Анын пикиринде, Пальма Жумейра районунун борборундагы мейманканада эс алуучулар үчүн бункер уюштурулган.
"Көчөлөрдө кишилер жана унаалардын саны азайды, кырдаал стабилдүү. Биз ар кандай үндөрдү угуп жатабыз, бирок баары жакшы. Мейманкана ээлери бизди тамак-аш жана башка керектүү каражаттар менен камсыздады", - деди ал.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы сокку урган. Тегеран буга жооп катары ракета жана учкучсуз аппараттарды АКШнын аскердик базалары жайгашкан Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Аравияга багыттаган.