Мээримбек Койчуманов кытайлык инвесторлор менен жолугушту

Экономика Загрузка... 06 Март 2026 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/ Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода платформасынын Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде инвестициялык долбоорлорду жана «Асман шаар» долбоорун Кытайдын аянтчаларында таанытуу үчүн презентациялык сессияларды өткөрүү маселелери каралды.

Ошондой эле Кытайдан потенциалдуу инвесторлорду тартуу жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу иштери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну улантуу жана инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.