"30+20+10" долбоору "Мээнет" чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн арттырууда

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 14:50
af_10_project_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишке ашырып жаткан "30+20+10" долбоору аймактарда реалдуу натыйжаларды көрсөтүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоордун ийгиликтүү мисалдарынын бири — Ысык-Ата районунда жайгашкан "Мээнет" дыйкан чарбасы, анын жетекчиси Бекжан Бообеков.

"Мээнет" чарбасы 120 гектар айдоо аянтына ээ. Анын 70 гектары сугат, 50 гектары кайрак жер. Чарбада ар кандай үлгүдөгү тракторлор, комбайндар, кампа жана зерноток бар. Негизги багыт — көп жылдык чөптөр, буудай жана арпа.

Аталган чарбада министрликтин өсүмдүк өстүрүүнү жакшыртуу жана ресурстарды үнөмдөө багытындагы "30+20+10" долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. Долбоордун алкагында төмөнкү багыттар боюнча практикалык жардам көрсөтүлүүдө:

  • өсүмдүктөрдү туура тандоо;
  • туура үрөн сортторун сатып алуу булактары;
  • жер семирткичтердин көлөмүн так эсептөө;
  • топурактын анализин жүргүзүү жана жыйынтыгын түшүндүрүү;
  • тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын колдонуу;
  • нымдуулукту топтоо жана кургакчылыкка туруктуу технологиялар боюнча кеңештер.

Белгиленгендей, быйыл суунун аз болушу күтүлүп жатканына байланыштуу чарбага сууну үнөмдөөчү ыкмалар өзгөчө сунушталууда. Топурактын нымын сактоо, ысыкка чыдамкай сортторду тандоо боюнча адистер тарабынан сунуштар берилүүдө.

Бообеков Бекжан белгилегендей, долбоор чарбанын өндүрүмдүүлүгүн арттырып, өз кезегинде бул туура агротехникалык чечимдерди кабыл алууга чоң жардам болууда.

"Биз үчүн бул долбоор – практикалык колдоо жана жаңы технологияларга өтүүнүн мүмкүнчүлүгү", — дейт чарба жетекчиси.