Бишкек, 10.07.25 /Кабар/. "Акча тынчтыкты сүйөт" деген сөз туризмге дагы түздөн-түз байланыштуу. Медиамейкиндиги терс маалыматтарга толгон өлкөлөргө инвесторлор эч качан келбейт, убактылуу келүүчү туристтер дагы коопсуздукка тынчсызданышат. Ушул жагынан алганда мамлекеттин позитивдүү образы жана бедели эл аралык туризм рыногунда жагымдуулуктун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн олуттуу фактору болуп саналат.
Кыргызстанда лайк жана көрүүлөр үчүн гана ойдон чыгарылган жаңжалдар, фейктер көбөйүп, айрым ЖМКлар жана блогерлер ушундай жол менен бизнес кылып жатканына күбө болуп келебиз. Көбүнчө социалдык тармактар ушактарга толуп, ызы-чуу болуп кетет, ал эми өлкөдөгү кырдаал таптакыр башкача, баары тынч. Биз муну билебиз, бирок саякаттоону пландап жаткан чет элдиктер маалыматты интернеттен гана алышат да. А ал жакта абал башка, терс көрүнүштөрдү чагылдырган маалыматтар, активисттер болсо аларды андан ары көбүртүп-жабыртып жиберишет.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мына ушуга көңүл бурду. Ал ЖМК өкүлдөрүн, блогер жана журналисттерди туристтик мезгил кызып турган учурда терс маалыматтарды жайылтуудан карманууга чакырды.
"Силер да ар бириңер мекенди сүйгөн, Кыргызстандын патриот атуулусуңар. Өлкөбүз өнүксө деген тилек, кыял баарыбызда бар. Ал үчүн мамлекетибиздин аброю жакшы болушу абзел. Биздин өнүгүүнүн бирден бир маанилүү булагы — туризм. Азыр туристтик сезон кызып турган учур. Дал ушул маалда болуп жаткан кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдырбай, бир аз карманып турууну суранам.
Башка өлкөлөрдө да кырсыктар, атышуулар, адам өлтүрүүлөр сыяктуу окуялар болот. Бирок алардын жарандары, журналисттери жана блогерлери мындай окуяларды чагылдырууда өлкөсүнүн аброюна шек келтирбөө үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Анткени, башка өлкөгө эс алууга барган туристтер социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды окуп, изилдешет", - деди Орунбеков.

Көп өлкөлөрдө жайкы эс алуу мезгилинде позитивдүү маалыматтарды жайылтууга басым жасаган атайын органдар бар. Мисалы, Түркия, Таиланд жана Бириккен Араб Эмираттарында медиаплан иштелип чыгып, анын негизинде ЖМКлар менен биргеликте өлкөнүн позитивдүү образы түзүлүп, ал эми туристтик тармакка терс таасир эте турган жалган маалыматтарды тараткандарга айып пулдар салынып, же бөгөт коюлар каралышы мүмкүн.
Кыргызстанда мамлекеттик органдар блоггерлерден жана ЖМКлардан абалды көбүртүп-жабыртпоону гана суранышы мүмкүн. Туризм тармагында иштеген ишкерлер терс маалыматтар дароо туристтердин санынын байкалаарлык азайышын шарттай турганын белгилешет. Көптөгөн туроператорлор жана конок үй ээлери туристтер туруксуздук же апыртылган көйгөйлөрдөн улам саякаттарын токтоткон жагдайларга туш болушат. Алар сын айтуу туристтик сезондо кызыл кандуулукка алдырып, дүрбөлөңгө салбай, иштиктүү чечимдерди камтышы керектигин белгилешет.
"МИР" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Нурдин Урмамбетов белгилегендей, бул биринчи кезекте туристтик багыттар жаңыдан өнүгө баштаган аймактарга терс таасирин тийгизет.

"Терс маалыматтардын тынымсыз агымы биздин жашообуздун эки негизги пайдубалына: коомдун ички бакубаттуулугуна жана өлкөнүн чет өлкөдөн келген коноктор үчүн жагымдуулугуна сокку урарын моюнга алышыбыз керек. Ал эми бул жерде кесепеттер, тилекке каршы бири-бири менен байланышкан жана өтө олуттуу. Өлкөгө келе турган коноктор эмнени көрүшөт? Алар биздин эле маалымат каражаттарында чагылдырылгандай, көбүнчө туруксуз, көйгөйлүү, атүгүл кооптуу өлкө катары көрүшөт.
Ошентип, биз туристтерди гана эмес, аймакты экономикалык өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн жоготобуз. Мындан төмөндөгүдөй корутунду чыгарууга болот: терс маалымат - бул туристтер үчүн күчтүү тоскоолдук болуп саналат, алар тынчтыкты жана жайлуулукту тандашат.
Эксперттер белгилешкендей, туруктуу терс маалыматтардын фонунда бузулган репутацияны калыбына келтирүү өтө татаал жана узакка созулган иш", - деп белгилейт Нурдин Урмамбетов.
Серепчилер божомолдошкондой, биз туристтердин кызыгуусун кантип сактап калуу жана саякаттан баш тартуу тобокелдиктерин азайтуунун үстүндө олуттуу ойлонушубуз керек. Кыргызстан ошондой эле өлкөнүн беделин көтөрүү үчүн блоггерлерди, туристтик эксперттерди жана абройлуу инсандарды тартуу менен өзүнүн медиа чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдоно алат.
Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Эрденет Касымов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде азыр туризм тармагында чоң иштер жасалып жатканын, андыктан чет элдик коноктордун агымын көбөйтүү үчүн өлкөнүн бедели олуттуу мааниге ээ экенин белгиледи.

"Өзүңүздөр байкап аткандай, өлкөдө мейманканалардын жана отелдердин курулушу активдүү жүрүүдө, атап айтканда Ысык-Көл облусунда жана курорттук аймактарда, андан тышкары туристтер үчүн кызыгуусун жараткан башка жерлерде жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, аймактык аэропорттор иштей баштады.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Туризм департаменти окуяларды объективдүү, тең салмактуу жана ар тараптуу чагылдырууну жактайт. Кыргызстан чет элдик коноктордун да, артыкчылыктуу инвесторлордун да көңүл чордонунда болуп турган туристтик мезгил учурунда маалымат чөйрөсүндөгү тең салмактуулукту сактоо өзгөчө маанилүү.
Маалыматты бурмалоо учурлары көп кездешкен жана статистика боюнча терс себептер көбүрөөк чагылдырылган заманбап медиа мейкиндигинде биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, блоггерлерди жана өлкөбүздүн карапайым жарандарды маалымат берүүдө жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз. Жада калса татаал темаларды дагы апыртуусуз жана көбүртүп-жабыртпай конструктивдүү чагылдырууга болот.
Туризм - бул экономиканын гана бир тармагы эмес, ал өлкөнүн беделин дагы чагылдырат. Биз журналисттик коомчулукту жана блоггерлерди эл аралык аренада Кыргызстандын позитивдүү жана ишенимдүү беделин калыптандыруу үчүн диалогго жана кызматташууга чакырабыз", - деди Эрденет Касымов.
Президент Садыр Жапаров буга чейин "Азыр биз киреше алып жаткан пайдалуу кен байлыктар түбөлүктүү эмес, алар убактылуу. Бардыгы түгөнөт. Биздин түбөлүктүү келечегибиз туризм жана өнөр жай менен байланыштуу" деген.

Кыргызстан кайталангыс жана теңдешсиз жаратылыш ландшафты бар планетадагы саналуу өлкөлөрдүн бири. 40 градус ысык өрөөндөн жашыл шалбаалары менен токойлорун аралап, ак карлуу аска-чокуларга бир нече саатта чыга турган жерлер дүйнөдө сейрек кездешет. Ошол эле учурда бир күндүк саякаттоодо төрт мезгилди көрүүгө болот.
Биздин тоолуу көлдөрүбүз кооздугу менен тажрыйбалуу саякатчыларды да таң калтырат, Кыргызстандын башкы бермети болгон Ысык-Көлдү жана анын көгүлтүр жээктерин дүйнөнүн сегизинчи керемети деп аташат.
Эми гана республикада мейманканаларды жана лыжа аянтчаларын куруу боюнча ири долбоорлор ишке ашырыла баштады, кышкы туризм дагы бир маанилүү багыт болуп саналат. Эс алуу жайларынын аймагында бардык зарыл инфраструктуралар түзүлүүдө: мейманканаларды жана эс алуу борборлорунан тартып, жолдорду куруу жана аэропортторду модернизациялоого чейин.
Эксперттер белгилешкендей, бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн маанилүү тармагы, келечекте туризм экономиканын негизги тармактарынын бири болгондуктан, ага көңүл бурууну күчөтүү керек.