Баку декларациясы: Азия континентиндеги кызматташтыктын жаңы барагы

Аналитика 16 октябрь 2026 18:00
Баку декларациясы: Азия континентиндеги кызматташтыктын  жаңы барагы

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Азия өз ара аракеттенүү жана ишенимди бекемдөө боюнча кеңешмесинин VII саммитинде кабыл алынган Баку декларациясы мүчө мамлекеттердин коопсуздук, транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт.

Анда аскердик, саясий, экономикалык, экологиялык чөйрөлөрдөгү тобокелдиктерди жоюу боюнча жоболор белгиленди. Коопсуздук боюнча эксперттер Азия мамлекеттеринин өзгөчө форматта өз алдынча аракеттенүүсү дүйнөлүк кубулма процесстер шартында зарыл экенин билгилеп жатышат. Ал эми расмий Бишкек 2027-жылы Азия лидерлерин Тоо саммитинде кабыл алууга жана азиялык ишкерлер менен кызматташууга даяр.

Азия континентинин аймагынын жана калкынын 90 пайызга жакынын камтыган өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитине бул жолу Азербайжандын президенти Илхам Алиев төрагалык кылды. Ага Кытай, Иран, Индия, Россия, Түштүк Корея, Пакистан баштаган отузга чукул мамлекет мүчөлүк кылып, дээрлик чейрек кылымдан бери континетте туруктуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланып, чечимдер кабыл алынып келет. Ал эми АКШ, Япония баштаган онго жакын мамлекет байкоочу макамында.

Баку шаарында уюштурулган VII саммит глобалдык геосаясий карым-катнаштар өзгөргөн туруксуз кезеңге туш келди. Эксперттер Азия кеңешмеси бүгүнкү күндө жөнөкөй гана диалог аянтчасы эмес, Азия континентинин коопсуздук чараларын аныктай турган саясий күчкө айлануу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышууда. Анткени барган сайын анын мааниси артып, географиясы кеңейүүдө. Бул жолу кеңешме дагы бир мүчө менен толукталды. Ал Лаос Элдик Демократиялык Республикасы.

“Толук кандуу мүчө болуу бизге чоң жоопкерчиликти жана милдеттенмелерди жүктөйт. Бүгүнкү күндө дүйнө олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, аймактык жана эл аралык коопсуздук чөйрөсү трансформацияланууда”, - деп белгиледи Лаостун президенти Тхонглун Сисулит.

Азия саммитинин катышуучулары негизги максат - ишенимди бекемдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу экенин бир ооздон белгилешти. Андыктан дүйнө туш болуп жаткан татаал кыйынчылыктарды эске алганда биргелешкен чечимдерди кабыл алуу, деги эле жалпы саясий биримдик маанилүү.

“Бул дүйнө дагы деле морт бойдон калууда. Аны коргоо жана бекемдөө керек”, - деди Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Саммиттин башкы темасы болгон коопсуздук маселесине Кыргызстан жөн салды мамиле кылбай турганы белгилүү. Биздин өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен биргеликте саясий эрктин жана түз диалогдун аркасында мамлекеттер аралык бир катар татаал маселелерди жөнгө салууга жетишти. Эми бул тажрыйбасын бардык азиялыктар менен бөлүшүүгө даяр. Анын үстүнө Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болуп шайланганы маалым. Президент Садыр Жапаров саммиттеги сөзүндө бул милдетти биздин өлкө чоң жоопкерчилик менен кабыл алып, эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошуу ниети чоң экенин белгиледи.

“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып, жаңжалдын мындан ары кеңейишине жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Афганистан Азиядагы жалпы коопсуздук жана кызматташтык мейкиндигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө туруктуу абалга жетишүү обочолонтуу жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, ырааттуу диалог, экономиканы калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттери аркылуу ишке ашат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кеңешменин негизги багыты тынчтык, коопсуздукка байланыштуу болгону менен бул платформа аскердик мүнөздө эмес. Аскердик-саясий маселелер менен бирге экономика, айлана-чөйрө, гуманитардык кызматташтык жана жаңы коркунучтарга каршы туруу багыттарын камтыйт. Бул терроризмге каршы күрөшүү, энергетикалык коопсуздук, транспорт коридорлору, соода, инвестиция баштаган экономика иштери. Айтмакчы, Азия аймагы БУУнун эсеби боюнча 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызын ээледи.

Азыркы тапта геосаясий абалга байланыштуу салттуу каттамдарда маселе жаралып "Орто коридор" транскаспий каттамы сыяктуу альтернативалуу жолдордун мааниси кескин өстү. Бул жагына алганда Кыргызстан үчүн бул кеңешме ири эл аралык долбоорлорду илгерилетүү жана түз инвестиция тартуу үчүн мүмкүнчүлүк. Бул арада биздин өлкөнүн көрсөткүчтөрү да жаман эмес. Кыргызстандын кеңешмеге мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү акыркы төрт жылда эки эседен ашык өсүп, 2025-жылдын жыйынтыгында 14 миллиард доллар чегинен өттү.

Азиялык ишкерлер “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагындагы долбоорлорго, “Ала-Тоо Резорт” төрт мезгилдүү туристтик кластери ири долбооруна, Европа менен Азияны байланыштырган трансчек аралык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, дата-борборлорду курууга катышса болот. Ошондой эле расмий Бишкек 2027-жылы Азия лидерлерин “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитинде кабыл алууга даяр.

Салттуу коркунучтардан баштап бүгүнкү күндүн геосаясий процесстерине чейинки узак жолду басып өткөн бул уюм учурда чөлкөмдөгү көп түрдүүлүктү бириктирген маанилүү аянтчага айланды. Индиянын санариптик мүмкүнчүлүктөрү жана Кытайдын өнөр жай кубаттуулугу сыяктуу Азиянын алдыңкы тажрыйбаларын айкалыштыруу аркылуу бул формат Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттердин келечектүү өнүгүүсүнө жана аймактык коопсуздуктун бекемделишине жол ачат. Мындай пикири менен саясат таануу илимдеринин кандидаты, коопсуздук боюнча эксперт Чолпонбек Сыдыкбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Бул уюмдун тарыхына кылчайсак, анын түзүлүү зарылчылыгы мындан чейрек кылымдан ашык убакыт мурун эле бышып жетилгенин көрөбүз. 1992-жылы БУУнун 47-сессиясында Казакстандын экс-президенти тарабынан: "Азия өлкөлөрү биргелешип аракеттениши керек, дүйнөлүк чакырыктарга жана коопсуздукка байланышкан коркунучтарга каршы бирдиктүү позиция зарыл" деген демилге көтөрүлгөн.
Албетте, бул аянтча дароо эле жанданып кеткен жок. Ал тарыхтын ар кандай сыноолорунан өтүп, бара-бара институциалдашып, акырындап олтуруп бүгүнкү деңгээлине жетти. Эгер башында уюм негизинен экстремизм жана терроризм сыяктуу салттуу коркунучтарга каршы күрөшүү максатын көздөсө, бүгүн дүйнө өзгөрдү. Азия мамлекеттеринин ушундай өзгөчө форматта өз алдынча аракеттенүүсү азыркы дүйнөлүк процесстердеги мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.
Азия — өзгөчө чөлкөм. Бул жерде жүздөгөн көп улуттуу этностор, ар кайсы динди карманган элдер жана экономикалык өнүгүүсү ар кыл мамлекеттер жашайт. Кеңешме толук кандуу каруу-күчкө ээ болуп, эл аралык маанилүү уюмга айланышы үчүн мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы реалдуу кызыкчылыктар шайкеш келиши керек.
Уюмдун алкагындагы прагматикалык кызматташтык чакан мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү. Бул жерде ар бир өлкөнүн өздүк тажрыйбасы континенттин өнүгүшүнө салым кошо алат. Мисалы, Индиядан дүйнөлүк деңгээлдеги маалымат технологиялары жана санариптештирүү тажрыйбасын алууга болот. Кытайдын өнөр жай жана коопсуздук жаатындагы зор тажрыйбасы аймактык туруктуулуктун кепилдиги боло алат”, - деди Чолпонбек Сыдыкбаев.