Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам капиталына, шыгына жана акылына негизделген жаңы экономикалык багыт калыптанууда. Креативдүү экономиканы биздин өлкө тоо-кен тармагы менен мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыкты азайтуучу негизги стратегиялык багыт катары көрөт. Алдыда жаратмандык индустриясын өлкөнүн ИДПсынын олуттуу бөлүгүн түзө турган туруктуу секторго айлануу милдети турат. Бул арада эл аралык эксперттер Кыргызстандын тажрыйбасын башка өлкөлөр үйрөнүүгө жана колдонууга татыктуу үлгү катары белгилешти.
Кыргызстан экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн материалдык товарларды өндүрүү менен гана чектелбестен, барган сайын идеялар, инновациялар жана интеллектуалдык капиталга да чоң маани берип жатат. Креативдүү экономика акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген, калктын кирешесинин көбөйүшүнө жана иш менен камсыз болушуна, ошондой эле экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономиканын перспективдүү секторлорунун бирине айланууда. Креатив индустриянын материалдык товардан негизги өзгөчөлүгү- алар үчүн Кыргызстандын ички рыногунун чакандыгы, деңизге чыга албагандыгы маселе деле эмес.
2020-2026-жылдар аралыгындагы бурулуш учур
Акыркы беш жыл кыргыз креативдүү экономикасынын тарыхындагы эң чоң бурулуш учур болуп саналат. 2022-жылдагы эсеп боюнча креативдүү бизнестин дээрлик 50 пайызы көмүскөдө жана ага ылайык креативдүү экономика Кыргызстандын улуттук экономикасынын аз гана бөлүгүн, ИДПнын 1 пайызын ээлейт. Абалды жакшыртуу үчүн мамлекет көрөгөчтүк кылып интеллектуалдык менчикти жана талантты негизги капитал катары тааныды. 2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров тарабынан жарлык чыгып, министрлер кабинети 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитти. Анын максаты тармакты өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды арттыруу.
“Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт”, - деп белгиленген концепцияда.
Ушул эле жылы Кыргызстан дүйнөдө биринчилерден болуп “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул эреже дүйнөлүк таржрыйбада уникалдуу деп эсептелинет. Архитектура, дизайн, медиа, музыка, кино сыяктуу 15тен ашык багытта иштегендерге өзгөчө салыктык жана социалдык жеңилдиктерди берген өзгөчө тартип. Ошондой эле Креативдүү индустриялар паркы ачылган. Айтмакчы, бул уюм Борбор Азиядагы алгачкы профессионалдык бирикме катары таанымал.
2026-жылы президент Садыр Жапаров дагы бир жарлыкка – “Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюп, IT тармагына, жасалма интеллект жана тиркеме иштеп чыгуучуларга, блогерлерге, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерге, стартаперлерге, кино, видео жана телеберүү өндүрүшү менен алектенгендерге, жана башка креативдүү жана чыгармачылык багыттарга 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотту. Булардан бюджетке салык түшпөгөн күндө да тармакта акча таап жүргөн миңдеген адамдар ачыкка чыгып, тиешелүү төлөмдөр менен мамлекетке чоң салым кошо алышат.
Кыргызстандын жаратман экономикасынын жаркын мисалдары
Натыйжада “Жаратман Кыргызстан” улуттук бренди калыптандырылып, жаштарды өлкөдө кармап калуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экспорттун потенциалын жогорулатууга жол алды. Кыргызстандын креативдүү катмарына азыркы учурда жигердүү өнүгүп келе жаткан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү санариптик продукцияларды, компьютердик программаларды, тиркемелерди, ал тургай оюндарды жана башкаларды чыгаруу кирет.
Ошондой эле креативдүү катмардын өзөгүн илимий-техникалык чөйрөдө, маданиятта, архитектурада, дизайн менен искусстводо, музыкада жана көңүл ачуу индустриясында иштеген жарандардын прогрессивдүү бөлүгү, ошондой эле бизнес, коммерция, финансы, укук, саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кеңири тобу түзөт. Алсак, ата мекендик киноиндустриясында кыргыз кинолору эл аралык ийгиликтерди жаратып, санариптик контент өндүрүшүндөгү анимация, YouTube долбоорлор, заманбап дизайн жана арт-индустрия дүйнөлүк рынокко жигердүү экспорттолууда.
Бул арада элүү миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадиону өлкөнүн креативдүү экономикасын, маданий индустриясын жана туризмин өнүктүрүүдө негизги инфраструктура катары өзүн көрсөтө алды. Дүйнөлүк шоу-бизнестен миллиондогон долларларды түшүрүү мүмкүн экенин көрдүк. Сырттан келген коноктор транспорт, мейманкана, ресторан, логистика, кол өнөрчүлүк, тамак-аш кызматтарын колдонуп, креативдүү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жаңы жумуш орундарын түзөрүн, бизнестин кирешесин арттырарын көрдүк. Ал эми стадиондо колдонулган мультимедия, жарык шоулары, үн техникалары ата мекендик креативдүү студияларга, программисттерге жана санарип контент өндүрүүчүлөргө тажрыйба жана кызматтарын экспорттоого жол ачары бышык.
Экономика жана коммерция министрлиги жакында эле Индонезиянын борбору Джакарта шаарында өткөн Креативдүү экономика боюнча 5-дүйнөлүк конференцияда креативдүү индустриялар боюнча кыргыз модели уникалдуу жана башка мамлекеттер тарабынан колдонулууга татыктуу деп табылганын “Кабар” агенттигине билдирди.
“Лондондогу Голдсмитс университетинин маданий жана креативдүү индустриялар жаатындагы изилдөөчүсү Мартин Смит кыргыз тажрыйбасына жогору баа берди. Эксперт Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок жана океандан алыс жайгашкан өлкө экенине көңүл бурду. Анын айтымында, алты жыл мурда эле ал Кыргызстан сыяктуу өлкө креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу киришип, аны стимулдаштыруунун өзүнүн инновациялык моделин түзөрүн элестете алган эмес.
Бүгүнкү күндө болсо, анын баамында, Кыргызстандын Креативдүү индустриялар паркы фискалдык инструменттер экономиканын бүтүндөй бир тармагын өнүктүрүүгө кандайча өбөлгө түзө аларын көрсөткөн таң каларлык мисал болуп саналат. Мартин Смит бул тажрыйба башка мамлекеттер тарабынан изилденүүгө жана колдонулууга татыктуу экенин өзгөчө баса белгиледи.
Кыргызстандын креативдүү индустриялардын бардык багыттарын камтыган атайын жеңилдетилген салык режимин киргизген дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Креативдүү индустриялар паркы салыктык преференцияларга, виртуалдык резиденттикке жана белгилүү бир аймакка байланбагандыкка негизделген таптакыр жаңы модель болуп саналат”, - деп билдирди Экономика жана коммерция министрлиги.
Кыргызстан контент өндүрүү жагынан АКШнын Голливуду же Индиянын Болливуду сыяктуу гиганттардын деңгээлине жете элек болсо да, улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүнө таянган өздүк мазмуну аркылуу жана Креативдүү индустриялар паркы аркылуу глобалдык аренага жаңы кадам таштап жатат. Бул туурасында экономист Искендер Шаршеев билдирди. Ал мамлекеттик колдоонун жана мыйзамдык базанын мындай уникалдуу айкалышы бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр үчүн изилдөө объектисине айланганын белгиледи.

“Креативдүү индустриялар боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы ички мазмуну боюнча өз орду бар жана уникалдуу деп эсептелинет. Анткени, кыргыз маданияты өзгөчөлүктөргө бай экени белгилүү. Анын үстүнө дүйнө жүзүнө жаңы кадам жасап жатабыз. Мисалы, креативдик индустрияда бизде жетишпеген нерселер бар. Голливуддун, Индиянын Болливуду болобу ушундай деңгээлге али чыга элекпиз. Демек, креативдүү индустрияда контент же башка нерселер аркылуу алдыдабыз деп айта албайм.
Ошол эле убакта мамлекет тарабынан олуттуу колдоо көрсөтүлүүдө. Тармак мыйзам менен камсыздалды. Креативдүү индустрия паркынын мүчөлөрүнө 1-2 пайыздык гана салык берилип, тармакка жеңилдиктер боюнча Кыргызстан алдыга чыкты. Биздин модел эл аралык деңгээлде изилденип жатат. Көп өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан дүйнө боюнча өзгөчө форматтагы алгачкы моделди жаратып, көрсөтүп жатат”, - деди экономист Искендер Шаршеев.