Орунбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн туристтик жайларын кеңири чагылдырууга чакырды

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 11:24
2950748_c3CnKdy.96bf95.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка билдирүү жазып, кыргызстандыктарды өлкөнүн туристтик жайларын кеңири чагылдырууга чакырды.

Ал ЖМК өкүлдөрүнөн, блогер жана журналисттерден туристтик сезон кызып турган учурда кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдырбай, бир аз карманып турууну суранды.

"Силер да ар бириңер мекенди сүйгөн, Кыргызстандын патриот атуулусуңар. Өлкөбүз өнүксө деген тилек, кыял баарыбызда бар. Ал үчүн мамлекетибиздин аброю жакшы болушу абзел. Биздин өнүгүүнүн бирден бир маанилүү булагы — туризм. Азыр туристтик сезон кызып турган учур. Дал ушул маалда болуп жаткан кырсыктарды, зордук-зомбулукту чагылдырбай, бир аз карманып турууну суранам.Башка өлкөлөрдө да кырсыктар, атышуулар, адам өлтүрүүлөр сыяктуу окуялар болот. Бирок алардын жарандары, журналисттери жана блогерлери мындай окуяларды чагылдырууда өлкөсүнүн аброюна шек келтирбөө үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Анткени башка өлкөгө эс алууга барган туристтер социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды окуп, изилдешет.

Акыркы мезгилде жол кырсыктары, андагы оор көрүнүштөр, кандуу кадрлар, адамдын жанчылган денеси тартылган сүрөт-видеолор коомчулукка жарыяланып жатканын көрүп жатам. Мындай материалдарды таратуу менен эч кандай пайда таппайсыңар. Тескерисинче, адамдын аң-сезимине терс таасир этип, коомдо агрессия, чочулоо жаралат. Ошондуктан, урматтуу мекендештер! Өнүгүүнүн бирден бир булагы болгон туризм тармагына зыян тийгизбейли. Анын ордуна туристтик жайларыбызды, Кыргызстандын кооз табиятын, улуттук меймандостугубузду кеңири чагылдырып, жакшы жактарын көбүрөөк айтып, көрсөтөлү!", - деп жазды ал.