Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун атасы жол тескөөчүсүнө 2 миң сом пара бергендиги үчүн эки жылга соттолуп кеткенин айтып кайрылды.
Анын айтымында, иш алгач райондук сотто каралганда, айыпталуучу акталган.
Бирок иш кайра облустук сотко өткөндө атасы эки жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган. Жогорку сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Жергиликтүү тургун атасы ушул жылдын май айынан бери абакта экенин айтты.
Бул маселени уккан президент жол тескөөчүсү менен прокурор биргеликте пара берди деп Жогорку сотко чейин ишти өчөшүп алгандыктан жеткиришсе керек деп белгиледи.
“Ири суммадагы пара алды десе бир жөн. Эки миң сом берди деп соттогонуңар прокурорлор үчүн да, соттор үчүн да уят. Чечим чыгарарда логикалык жактан ойлонуш керек да. Биринчи инстанциядан акталдыбы, эки миң пара бергени үчүн 20 миң айып пул салуу менен жоопкерчиликке тартсаңар болмок”, - деди өлкө башчысы.
Президент атасы соттолуп кеткен жаранды өзү кабыл аларын кошумчалады.