Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын сегиз айында Кара-Суу районунда жашы жете электер тарабынан 18 кылмыш жасалган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 фактыга аз.
Райондо үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык кеңешме өткөрүлдү. Анда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын өз убагында аныктоо, жабырлануучуларды коргоо жана тиешелүү органдардын ыкчам чара көрүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.
Ошондой эле мектеп окуучулары арасындагы мушташтарды жана башка укук бузууларды болтурбоо, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жооптуу органдарга профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.