Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Балыкчы шаарында жашы жете электердин укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу шаардык прокуратуранын ведомстволор аралык кеңешмесинде айтылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2026-жылдын тогуз айында жашы жете электер жасаган кылмыштардын саны 30дан 25ке, балдарга карата кылмыштар 102ден 64кө азайган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 60тан 126га көбөйгөн.
Жыйынтыгында жооптуу органдарга балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү тапшырылды.