Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин XI жыйыны болуп өттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйынга башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров жетектеген делегация катышты.
Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, алдын алуу чараларын өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү, коррупцияга каршы саясатты координациялоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Иш сапардын алкагында Залкарбек Акназаров Беларустун башкы прокурору Дмитрий Гора менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар кибералдамчылыкка байланышкан кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташуу маселелерин талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын сакталышына прокурордук көзөмөл жүргүзүү жаатында практикалык тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, делегациянын өкүлү Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинде лекция окуп, Кыргызстандын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берди.