Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Венада Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча альянстын 26-конференциясынын алкагында орун алды.
Тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Парламенттик дипломатиянын алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, өз ара иш сапарлар практикасын кеңейтүүгө, ошондой эле парламенттик топтор ортосундагы байланышты өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери да козголду. Аны менен катар, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун негизи катары гуманитардык жана маданияттар аралык диалогдун маанилүүлүгү да баса белгиленди.
Жолугушуунун соңунда Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Вальтер Розенкранцка Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүү жөнүндө чакыруусун тапшырды.