Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Монголиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Демчиг Тегшжаргалдан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, Медер Абакиров элчини бул жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага бул жооптуу кызматта ийгилик каалады, ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Өз кезегинде Монголиянын элчиси Демчиг Тегшжаргал жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-монгол мамилелерин андан ары чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.