Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Израилдин Кыргызстандагы элчиси Йоав Быстрицкинин Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, министрдин орун басары элчини дайындалышы менен куттуктап, анын тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Израилдин элчиси Йоав Быстрицки өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, туризм жана маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.