Медер Абакиров Франциянын элчиси Николя Фай менен жолукту

Саясат 1310 07 Февраль 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.11.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.11.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.11.14.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.11.27.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Медер Абакиров Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары жогорку деңгээлде кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда, анын ичинде туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде, элчи Николя Фай эки өлкөнүн кызматташтыгын активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтып, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана маданий алмашууну кеңейтүү боюнча көз карашын билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.