Майыптыгы бар балдарга камкордук. Эки реабилитациялык борборго жабдуулар берилди

Коом Загрузка... 27 Январь 2026 17:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Беловодск айылындагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялык борборго атайын медициналык жабдуулар тапшырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар Good Neighbors International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында берилди.

Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаеванын айтымында, бул майыптыгы балдардын жашоо сапатына, алардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана келечегине багытталган чыныгы инвестиция.

"Бүгүн тапшырылып жаткан жабдуулар адистердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатат, эң негизгиси — балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө реалдуу пайда алып келет", – деди ал.