Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Майлуу-Суу – Маданият унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолго эки катмар асфальт басылат. Учурда суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Жеринде 25 атайын техника жана 15 кызматкер иш алып барууда.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында жалпы 8 көпүрө куруу каралган. Бүгүнкү күндө алардын үчөө толугу менен бүткөрүлдү.
Калган көпүрөлөрдө курулуш иштери улантылууда.