Жол оңдоо: Бишкекте 5 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Коом
858525171_1523082442968069_5231224779940728480_n.jpg
854780666_1507214301284709_7280832933300989507_n.jpg
855835618_1847425496616415_3052418130337762286_n.jpg
Алдыга
Артка
858525171_1523082442968069_5231224779940728480_n.jpg
854780666_1507214301284709_7280832933300989507_n.jpg
855835618_1847425496616415_3052418130337762286_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкекте 21-октябрдан тартып беш автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул Махатма Ганди (мурдагы Муромская) көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу.

"№ 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканасына кирбей өтөт. Ал эми № 23 жана 18-автобустардын каттамдарынын схемасына да убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттун кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.