Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда учурда 35 жылда болуп көрбөгөндөй көлөмдө жолдор оңдолуп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, эми социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды курууга көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
“Бул 35 жылда болуп көрбөгөндөй жолдор оңдолду. Буга чейин мындай көлөмдө, мындай масштабда жолдорду капиталдык оңдоо иштери жасалган эмес. Муну элибиз да көрүп турат. Инфраструктуралык чоң долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мен ойлойм, элде да “жасаса, иштесе болот экен да” деген ой пайда болуп жаткан болушу керек”, — деди депутат.
Ошондой эле ал 2027–2028-жылдары социалдык объектилерди курууга көбүрөөк көңүл бурулуп, Чүй облусунда да ири ооруканаларды куруу иштери ишке ашырылса жакшы болорун белгиледи.
“Азыр эми президент айткандай, 2027–2028-жылдары социалдык объектилерге көбүрөөк көңүл бурулуп, ошол эле Чүй жергесинде да чоң-чоң ооруканаларды куруу иштери ишке ашырылмакчы. Бул иштерди бүтүрүп алсак жакшы болмок деп ойлойм”, — деди ал.
Мындан тышкары, Элвира Сурабалдиева Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, элге бакубат жашоо, бекем ден соолук жана алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалады.
“Жогорку Кеңештин депутаты, Чүй өрөөнүнүн кызы жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунан шайланган депутат катары Сары-Өзөн чүйлүктөрдү гана эмес, бардык кыргызстандыктарды Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Бул — жалпы кыргыз элинин чоң майрамы. Элибизге бакубат жашоо, биринчи кезекте ден соолук жана бардык ойлогон ой-максаттарына жетишүүнү каалайм”, — деди Сурабалдиева.
Эскерте кетсек, 10-октябрда борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөн.