Ошто негизги көчөлөрдүн бири бир жумада жаңыланды

Аймак
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы негизги жолдордун бири — Алымбек датка көчөсү белгиленген 10 күндүн ордуна бир жумада жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, көчөнүн эки тарабында унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жол чийиндери түшүрүлдү. Жаңыланган жолдун узундугу 3 чакырымга жакын. Жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Шаар мэри Жанар Акаев мындан аркы жол куруу иштерин да тез жана сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.