Бишкекте Күмүшалиева көчөсү оңдолуп бүттү

Коом
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-21 at 12.28.55.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сабира Күмүшалиева көчөсүндө жүргүзүлгөн реконструкция иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

Муниципалитеттен бидиришкендей, реконструкцияланган жол тилкесинин узундугу 570 метрди, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден болгон тротуарлар курулган.

Ошондой эле жолдун бир тарабына суу агуучу лоток орнотулуп, бордюрларды орнотуу иштери толук аяктаган.