Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев “Кабар подкастка” берген маегинде ипотекалык үйдө жашай турганын жана материалдык баалуулуктарга артыкчылык бербестигин билдирди.
Анын айтымында, ал 2019-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 3 бөлмөлүү батир алып, учурда үй-бүлөсү менен ошол батирде жашайт.
“Эки кызым, келинчегим болуп төртөөбүз ошол 3 бөлмөлүү батирде жашайбыз. Ипотекага айына 11 миң 135 сомдон 2034-жылга чейин төлөйм. Атам мамлекеттик кызматкер, апам мугалим болгондуктан, материалдык байлыкты жогору койбогон чөйрөдө чоңойдум. Мен дагы эч качан акчаны алдыңкы орунга коюп, кызыккан эмесмин. Айлыгым өзүмө жана үй-бүлөмө жетет. Материалдык баалуулуктар экинчи орунда турушу керек деп ойлойм. Биринчи орунда мамлекет үчүн кызмат кылуу турушу зарыл”, - деди Чыныбаев.
Ал ошондой эле министр кызматына дайындап ишеним көрсөткөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, алдыдагы иштердин жыйынтыктары жакын арада белгилүү болорун белгиледи.