13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мас абалда оор эреже бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү, ошондой эле мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды айдоо үчүн “А1” категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттүү кылуу маселеси талкууланды. Бул демилгелер буга чейин да көтөрүлүп келген. Себеби мопед, скутер жана жеке мобилдүүлүк каражаттарынын саны көбөйгөн сайын, аларга байланышкан жол кырсыктары да кескин көбөйүүдө. Андыктан, көтөрүлүп жаткан бул маселе - жол коопсуздугун жогорулатуу жана аталган каражаттар катышкан кырсыктарды азайтууда максаттуу кадам болуп саналат.

Мас айдоочуларга чаралар катаалдашып, мопеддерге айдоочулук күбөлүк талап кылынат
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мас абалда оор эреже бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун колдоду. Ал президенттин "Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз баяндамасында мас абалында оор эреже бузуп, адам өлүмүнө себепкер болгондорго жазаларды катуураак кылууну, жеңилдиктерди жокко чыгарууну, узак мөөнөттүү эркинен жана пробациядан ажыратууну сунуштады.
"Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда", - деди Октябрь Урмамбетов.

Буга чейин көтөрүлгөн демилгелер
Буга чейин 2025-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети самокаттарды жана скутерлерди айдоо үчүн айдоочулук күбөлүктү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Бул мыйзам долбоорунун башында депутат Дастан Бекешев туруп, жогоруда аталган жеке мобилдүүлүк каражаттары көбөйүп кеткени аларды көзөмөлдөө, тартипке келтирүү кыйын болуп калганын белгилеген.
Ал “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна төмөндөгүлөрдү киргизүүнү сунуштаган:
- ылдамдыгы саатына 50 км ашкан, кыймылдаткычтын көлөмү 50 куб. см, электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 4 кВт болгон транспорт каражаттарына милдеттүү каттоону киргизүү;
- кубаттуулугу 4 кВт чейин жана ылдамдыгы саатына 50 кмга чейин болгон жеке мобилдүүлүк каражаттарын башкаруу үчүн айдоочулуктун “АМ” категориясын 14 жаштан тартып белгилөө;
- “А1” категориясын 16 жаштан жана “А” категориясын 18 жаштан сактоо.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары
Европа биримдигинин көпчүлүк өлкөлөрүндө мотоцикл жана жеңил транспорт каражаттарын башкаруу үчүн жаштык чектер жана категориялар так белгиленген.
Мисалы:
- 14 жаштан баштап “AM” категориясы колдонулат - бул категория жеңил мопеддер жана скутерлер үчүн берилет.
- 16 жаштан “A1” категориясы - кичи кубаттуулуктагы мотоциклдерди айдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
- 18 жаштан “A” категориясы - толук кубаттуулуктагы мотоциклдерди башкарууга уруксат берет.
Ушул система Германия, Франция, Италия, Испания, Бельгия жана Нидерландда да кеңири колдонулат.
Түркия, Россия, Украина жана Японияда да көбүнчө “AM” же А1 категориялары менен мопеддерди жана жеңил скутерлерди башкаруу үчүн лицензия талап кылынат.
Коңшу өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстанда 2026-жылдын 1-январынан тартып Өзбекстанда мопеддерди, скутерлерди жана башка кичи мотоциклдерди айдоо үчүн жаңы “А1” категориясы киргизилди. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул категорияны алуу үчүн автомектепке баруу милдеттүү эмес. Мындан тышкары, мурунтан A, B, C жана D категориялары ээ жарандар автоматтык түрдө А1 категориясын айдоого укуктуу болот.
Ошондой эле Казакстанда дагы 2025-жылдын 5-апрелинен тартып “каттоосу жок мопеддерди колдонууга жана айдоочулук күбөлүксуз айдоого тыюу салынат” деген эрежелер күчүнө кирген. Алар расмий түрдө механикалык транспорт каражаттарына теңелип, A1, A же B категориядагы айдоочулук күбөлүк, техникалык текшерүү жана жарандык жоопкерчилик боюнча камсыздандыруу талап кылынары белгиленген.

Мыйзамга кирип жаткан жаңы өзгөрүүлөр
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын улук инспектору, юрист-консультанты Нурлан Жолдошев “Кабар” агенттигине билдиргендей, аталган өзгөртүүлөр жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан, жоопкерчиликти жогорулатуу максатында киргизилип жатат.
“Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинде - жол кыймылынын эрежелерин жөө жүргүнчү, жеке мобилдүүлүк каражаты, мопед же жүк ташуучу арабаны айдаган адам бузган учурда эскертүү берилип, айып пул салынат деп белгиленип, бирок аларга деталдуу, так түшүндүрмө берилген эмес. Эми андагы “мопед” деген сөз бул кодекстен алынып “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга киргизилип, кеңири аныктама берилип жатат. Атап айтканда мопед, жол кыймылы жана анын коопсуздугун камсыздоо, жол кыймылын уюштуруу түшүнүктөрү, ошондой эле транспорт каражаты жана жашыл белги деген эмне экендиги тууралуу суроолорго иреттүү, түшүнүктүү жана хронологиялык тартипте жооп берилди.
Аталган мыйзамдын 2-беренесинде “мопед” терминине - ылдамдыгы саатына 50 км ашпаган, кыймылдаткычтын көлөмү 50 куб см, электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 0,25-4 кВт болгон, эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты деген аныктама берилди. Ошондой эле мопеддерге мотороллер, скутер, электр скутерлери жана башка техникалык мүнөздөмөсү ушул сыяктуу каражаттар киргизилди.
Ошондой эле аталган мыйзамдын 25-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, жогорудагы жеңил транспорт каражаттарына 16 жаштан өйдө “А1” категориясы берилмей болду”,-деп белгиледи ал.