Март айында өлкөдө 81 курулуш объектиси техникалык корутунду алган

Коом 6 апрель 2026 18:10
667234989_1455262809406097_6972524645491265775_n (1).jpg
666264405_1455262829406095_1719929485343436187_n.jpg
666980423_1455262822739429_5513625729828646756_n.jpg
666472368_1455262802739431_9165242226206331378_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын март айында Сейсмологиялык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутундулар берилген. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Мекемеден белгилешкендей, бул корутундулар объекттердин сейсмологиялык туруктуулугуна баа берүүгө, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Өткөрүлгөн иштердин алкагында ар кандай багыттагы имараттар, анын ичинде социалдык инфраструктура объекттери камтылды.

Белгилей кетсек, техникалык корутундулар имараттардын техникалык абалын баалоо, анын ичинде аларды реконструкциялоо максатында инженерлер тарабынан даярдалат.