Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Маршруткага караганда автобус айдоо алда канча ыңгайлуу. Бул тууралуу №11 автобус каттамынын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мурда маршрутка жеке менчик болгондуктан, бардык сервистик тейлөөнү, лицензия, патент, оңдоо иштерин айдоочунун өзү аткарышы керек болчу.
“Азыр автобустарда мындай түйшүктөр жок. Баарын өкмөт өзү аткарат. Биз болсо тек гана график боюнча иштейбиз. Эгер жолдо бузулуп калса, атайын кызматка чалабыз. Келип оңдоп кетишет же эвакуатор менен алып кетишет. Бул жагы абдан ыңгайлуу”,- деди Усупов.
Ал кошумчалагандай, маршруткада жүргүнчүлөрдүн саны чектелүү болсо, автобус кенен жана көп адам батат.
“Отурганга да, турганга да орун кенен. Автобус өзү эле бир топ ыңгайлуу транспорт”,- деп белгиледи айдоочу.