Марлен Маматалиев Кипрдин ТИМ башчысы Константинос Комбосту кабыл алды

Саясат Загрузка... 08 Июнь 2026 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Марлен Маматалиев Константинос Комбостун Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары эки өлкө ортосундагы алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирип, ийгиликтерди каалады.

Ошону менен катар Кыргызстан ачык жана көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүп жатканын белгилеп, жакында эле Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланганын да учкай айта кетти. 

"Андыктан, биз Кипр менен эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдарбыз. Ал үчүн мамлекеттер аралык алакаларды өнүктүрүүнүн негизги ыкмасы катары парламенттик дипломатияны пайдалануубуз кажет. Биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, тармактык комитеттердин алкагында да тыгыз кызматташуубуз зарыл", – деди төрага. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы байланыштар тууралуу да сөз болуп, төрага соңку жылдары өнөктөштүктү өрчүтүүгө багытталган ири иш-чаралар, жолугушуулар өткөрүлүп жатканына токтолду. Буга кошумча Европа биримдиги менен Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлганын мисал кылды. 

Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирип, алгачкы сапары маанилүү сүйлөшүүлөр менен коштолуп жатканын кошумчалады. 

Муну менен бирге кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын санап өтүп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. 

Айрыкча Кипр өз чөлкөмүндөгү негизги коммерциялык борбор экенин жүйө келтирип, аталган мүмкүнчүлүктү пайдалануу аркылуу Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгиледи. 

Андыктан жолугушууда тараптар соода байланыштарын күчтөндүрүү, бизнес чөйрөнүн алакасын арттыруу жана инвестициялык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. Марлен Маматалиев Кыргызстандагы инвестициялык абал тууралуу учкай кеп кылып, инвесторлор үчүн бардык шарттар каралганын жана аларга керектүү мыйзамдык база да жакшыртылып жатканын билдирди.

"Өткөн жылы соода байланыштарыбыздын көлөмү 202 миң долларды гана түзгөн. Биз тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу менен аталган өлчөмдү эселеп көбөйтө алабыз", – деди төрага.