Марлен Маматалиев Казакстандын президенти менен жолугушту

Саясат Загрузка... 12 Июнь 2026 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Марлен Маматалиевдин Казакстанга расмий сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

Алгач төрага Марлен Маматалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: "Кыргыз тарап сиздин жетекчилигиңиздин астында жаңы Казакстанды курууга багытталган бардык реформаларды кубаттайбыз. Айрыкча соңку референдумдун ийгиликтүү өтүшү казак элинин жаркын келечегине жасалган жакшы кадам болгонун байкоодобуз" - деди.

Ошону менен катар соңку жылдары мамлекеттер аралык байланыштар жигердүү уланып, эки тараптуу жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын белгилеген Төрага: «Алардын алкагында жетишилген макулдашуулар көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз болуп, бир тууган элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө кызмат кыларына ишенем» - деп кошумчалады.

Андан тышкары, байланыштарды бекемдөөнүн башкы куралы парламенттик дипломатия экенин айткан Марлен Маматалиев аталган жаатта да алгылыктуу аракеттер жасалып, биргелешкен иш-чаралар активдүү уюштурулуп жатканын мисал кылды.

Жолугушууда маданий-гуманитардык алакалар боюнча да маселелер көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуш кылды.

Өз кезегинде президент Касым-Жомарт Токаев Марлен Маматалиевдин Казакстанга жасаган алгачкы расмий сапарынын маанисине токтолуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

"Кыргызстан биз үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш өлкө. Айрыкча "Казак-кыргыз – бир тууган" деген сөз бекеринен айтылбайт", – деди ал.

Муну менен катар Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өнүгүп жатканын айткан Касым-Жомарт Токаев: "Жакында эле Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы сиздер үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн маанилүү тарыхый окуя болду", – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо, ошондой эле эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын жүрүшү боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.