Бишкек, 14.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.
Марлен Маматалиев соңку жылдары Кыргызстан менен Беларустун ортосунда калыптанган достук жана өнөктөштүк мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, айрыкча эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн мисал кылды.
Муну менен катар маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө зарылчылыгына да токтолгон төрага, туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалады. Буга жүйө катары Беларустун жарандарын Кыргызстанга келип, эс алып кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Сергей Молунов Марлен Маматалиевге Беларустун парламентинин кош палатасынын жетекчилери жолдогон куттуктоо каттарынын түп нускасын тапшырды.
Ошондой эле бир жарым жылдык элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу кеңири кеп кылып, Беларусь мамлекети Кыргызстан менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө, айрыкча парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.
Андан тышкары, тараптар депутаттык достук топторунун ишин күчтөндүрүү тууралуу ой бөлүшүп, анын ролун жогорулатуу боюнча макулдашышты.