Каракол, 20.10.25. /Кабар/. Бүгүн "Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл" жаштар форумунда көтөрүлгөн ар бир көйгөй мамлекеттик деңгээлде каралат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев аталган форумда билдирди.
Анын айтымында, иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү 10-ноябрда Бишкек шаарында өтүп, анын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынат. Бул иш-чарага өлкө башчысынын катышуусу да күтүлүүдө.
"Форумдун негизги максаты — жаштар менен мамлекеттик органдардын, ошондой эле өлкө башчысынын ортосунда түз диалог орнотуу. Форумдун жыйынтыгында кабыл алынган резолюция жана көтөрүлгөн көйгөйлөр президенттик администрация тарабынан кылдат каралат. Айтылган ар бир сунуш жана маселе кагазда же сөз түрүндө эле калбастан, иш жүзүндө аткарылат", — деди Тагаев.
Ал ошондой эле мындай форматтагы иш-чараларды өлкө боюнча үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл экенин белгилеп, форумдун мамлекеттин өнүгүүсү үчүн мааниси чоң экенин кошумчалады.