Караколдо “Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл” жаштар форуму өз ишин баштады

Аймак Загрузка... 20 Октябрь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири регионалдык иш-чарасы “Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл” жаштар форуму башталды.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов, “Кыргызстан жаштар кыймыл” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана өлкөнүн аймактарынан келген жаштар катышууда.

Форум “Кыргызстан жаштар кыймылы” коомдук бирикмеси жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

Форумдун максаты — региондун активдүү жаштарын бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу.

Иш-чаранын алкагында ар түрдүү панелдик сессиялар, мастер-класстар, тренингдер жана талкуулар өтүүдө.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи бөлүгү - бүгүн кечинде Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтөт. Ага 3 миң 500дөн ашык активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышмакчы.