Марат Иманкулов "Умай Ашуу: Манастын коду" аттуу көргөзмөгө катышты

Маданият 27 Август 2025 11:04
1.jpg
538699766_1321907673277197_2263795565802347582_n.jpg
539224424_1321907593277205_5749582273992065087_n.jpg
539392803_1321907646610533_1136942669613160303_n.jpg
539497817_1321907589943872_3382831208691076755_n.jpg
539547078_1321907676610530_1728863151792341770_n.jpg
540397893_1321907709943860_883866172428190071_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
538699766_1321907673277197_2263795565802347582_n.jpg
539224424_1321907593277205_5749582273992065087_n.jpg
539392803_1321907646610533_1136942669613160303_n.jpg
539497817_1321907589943872_3382831208691076755_n.jpg
539547078_1321907676610530_1728863151792341770_n.jpg
540397893_1321907709943860_883866172428190071_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Бишкек шаарындагы Сүрөтчүлөр союзунун имаратында өткөн "Умай Ашуу: Манастын коду" аттуу көргөзмөнүн ачылышына катышты.

Аталган көргөзмөнүн ачылышына ошондой эле Sarbugu маданий платформасынын негиздөөчсү Тана Сарбугу, интеллигенция өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө көргөзмөнүн өзөгү – кыргыз элинин рухий мурасы “Манас” трилогиясында камтылган аял затынын образы аркылуу маданий кодду, архетиптик катмарларды жана ыйык философияны чагылдырган маданий долбоор экендигин белгиледи.

Ал “Умай Ашуу” – бул чексиз мээрим менен жашоону сактап турган символу экендигин жана Умай энеге байланышкан түшүнүктөр кыргыздардын дүйнө таанымын, жаратылыш менен болгон ажырагыс байланышын, ыйык баалуулуктарын ачып берерин баса белгиледи.

Мамлекетти катчы ошондой эле бүгүнкү дүйнө өзгөрүп, баалуулуктар алмашып жаткан заманда өлкөнүн келечеги болгон жаштарга “Манас” үчилтигинин идеологиялык жана философиялык маанисин таанытуу эң жоопкерчиликтүү милдетибиз, ал эми ата-бабанын мурасын сактоону жайылтуу – биздин ыйык парзыбыз деп билдирди.

Соңунда Мамкатчы Марат Иманкулов көргөзмөнүн мазмуну менен жакындан таанышууга чакырып, ар бир чыгарма аркылуу улуттук рухубузду, маданий кодубузду жана тарыхый эстутумубузду жаңыртууга, кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоого үндөдү.