"Манка-Жар" коктусундагы дамбаны тазалоо иштери жүрүүдө

Экология 10 Март 2025 12:26
483595824_1075009928008194_6508580411531168064_n.jpg
482343728_1075009874674866_4619924976659836269_n.jpg
482084072_1075009861341534_2542132179751237862_n.jpg
Алдыга
Артка
483595824_1075009928008194_6508580411531168064_n.jpg
482343728_1075009874674866_4619924976659836269_n.jpg
482084072_1075009861341534_2542132179751237862_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Манка-Жар" коктусундагы дамбаны дамбаны тазалоо иштери жүрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кызматтардын адистери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте суу сордуруу иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли күн сайын текшерилип жатат.

Мындан тышкары, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын адистери Арча-Бешик конушундагы Азем көчөсүнөн Бердибаев көчөсүнө чейин жана "Манка-Жар" коктусуна чейин арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине 5 атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар жааган жамгырдан улам “Манка-Жарга” жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына коркунуч жаратпашы үчүн өткөрүлүүдө.

Эске салсак, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам "Манка-Жар" капчыгайындагы селден суу чыгып, натыйжада Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (акыркы үч жылда 240 үйдү) суу каптаган.