Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Чүй облусундагы Манас–Камышановка унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн жолдун 10 чакырымын асфальттоо пландалган. Учурда анын 7,5 чакырымына асфальт төшөлүп, калган 2,5 чакырым тилкесинде иштер уланууда.
Жакынкы күндөрү калган тилкеге да асфальт төшөө иштери аяктап, быйылкы жылга белгиленген 10 чакырым жол толугу менен бүткөрүлөт.
Оңдоо жана асфальттоо иштеринде 20 атайын техника жана 25 жумушчу иштеп жатат.