"Манас" университети кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүүнү колго алды

Коом Загрузка... 04 Декабрь 2025 11:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. "Манас" университетинде кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүү максатында жаңы программа ачылды. Бул тууралуу университеттин ректору Алпаслан Жейлан билдирди.

Анын айтымында, окуу жай кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Быйыл кыргыз тилинде 40 китеп басылып чыгып, ошондой эле 75 миң сөздөн турган кыргызча-түркчө сөздүк жарык көргөн. Орус жана англис тилдеринен кыргызчага которгон алгачкы кыргыз тилиндеги AkylAi аттуу жасалма интеллекттин негизинде ага 3,5 млн сөз киргизилген.

"Памирдеги кыргыздарга кыргыз маданиятын кенен таанытуу максатында онлайн түрүндө сабактар өтүлүп, курстун соңунда ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылган. Жакында үч окутуучу жерине барып, 3 ай жашап, сабак өтүүсүнө шарт түзүп жатабыз.

Мындан тышкары, өлкө башчысынын демилгесин колго алып, биринчи жолу университетте зер буюмдарды жасоо боюнча көркөм өнөр факультетинде иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле окуу жайда жаңы медициналык факультет ачтык. Студенттерге сапаттуу билим берүү максатында жүздөн ашык лаборатория курулуп, практика жүзүндө иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн", - деди ректор.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университтин катарына кирет. Анда 12 факультет, 1 жогорку мектеп, 1 колледж жана 1 институтта жалпысынан 6500 студент билим алат. Садыр Жапаровдун колдоосу менен Технопарк ачуу долбоору ишке ашырылууда. Анда IT, жасалма интеллект боюнча окутуу пландалган.