Манас шаарынын 2026-жылга бюджети 1,5 млрд сом деп бекитилди

Аймак 922 16 Февраль 2026 17:05
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.webp
8.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.webp
8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда Манас шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу шаардын 2026-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты.

Белгилей кетсек, Манас шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 1 млрд 587,7 млн сом деп бекитилди. Бул көрсөткүч 2025-жылга бекитилген пландан 378,2 млн сомго көп.