Манас шаарында таштандыны кайра иштеткен цех ачылды

Аймак Жүктөлүүдө... 30 Ноябрь 2025 15:38
b561a25e-2833-4cab-87a1-1c4e7d0d25bb.jpg
0a1172dd-e3ba-4311-ab1e-89688bf839f5.jpg
1.jpg
2ef535fd-c7d0-43a9-b411-22d7f9ebc198.jpg
4edeac19-055c-4ab4-a1fe-35c057af6738.jpg
9cea2721-bf07-4dbd-8fb3-2e31efd4916c.jpg
017a0cc2-e356-4737-8501-e19e360ec339.jpg
035dabc7-75de-4777-906c-667ad01ca909.jpg
94a2ecc6-4fd6-4e07-aa18-6500a749ea40.jpg
190d250f-9059-47e0-be70-54681971e9a4.jpg
5211f868-ea8d-401b-b8d5-52a6e7ffa04b.jpg
22349cfe-1062-4e32-977b-6af7cd38c882.jpg
60106e81-13ac-44da-97a1-7fce12da2000.jpg
108751ad-e0c0-4b42-95a7-c9f053a1db01.jpg
ac6704e9-b39e-4449-9540-b0d394f79d91.jpg
c0ccb2c5-ca6e-476b-8e09-97fcad3690b7.jpg
d93d3e99-b7ab-4dd4-8b0b-29927efae5fe.jpg
f75fd5fa-0b74-4711-9785-9a832834cbf1.jpg
fcc17950-5bda-4d09-9c43-638ccba32e69.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Манас шаарында таштандыны иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу заводдун базасында желим түтүктөрдү өндүрүүчү жаңы цех ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Цехтин ачылыш аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал таштандыны кайра иштетүүчү заводдун базасында мындан башка да өндүрүштүк цехтерди уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводду мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Учурда аталган цехте 15 диаметрден 110 диаметрге чейинки желим түтүктөр өндүрүлүп жатат. Цех күн сайын 2000 метрге чейин түтүк чыгара алат.

Белгилей кетсек, Манас шаарынын таштанды полигонундагы таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод 2023-жылы шаарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 133 млн сомго курулган.

Завод мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамы аркылуу жеке ишкерлерге берилип, алар өз каражатынан заводдун жанына иргелип, кайра иштетүүгө даярдалган сырьёдон желим түтүктөрдү өндүрүүчү цех куруп, ишке киргизди. Ал үчүн 15 млн сомдой каражат жумшалды.