Таштандыны кайра иштетүүчү завод штаттык режимде иштөөдө

Коом 30 сентябрь 2026 09:45
Таштандыны кайра иштетүүчү завод штаттык режимде иштөөдө
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат болжол менен 20:30да башталган. Арадан 15 мүнөт өткөндөн кийин полигондун башка тилкесинде да өрт чыкканы катталган.

Өрттү өчүрүүгө тиешелүү кызматтар да тартылган. Өрт саат 01:30да толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн төрт очогу аныкталган жана аларда унаалардын дөңгөлөктөрү топтолгон болгон. Окуянын бардык жагдайлары укук коргоо органдары тарабынан аныкталууда.

Мэр Айбек Жунушалиев полигондун аймагында атайылап өрт чыгаруу объекттин өзүнө гана эмес, борбор калаанын экологиялык коопсуздугуна да коркунуч жаратарын баса белгиледи.

Анын айтымында, көңүл буруу же коомдук резонанс жаратуу максатында кайрадан өрт чыгышына алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол берилбеши керек.

Учурда полигондун аймагында коопсуздук чаралары көрүлгөн, анын ичинде тосмолор орнотулуп, кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошол эле учурда коопсуздук системасын мындан ары да күчөтүү пландалууда. Аймакка кошумча видеокөзөмөл камераларын орнотуу жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган башка чараларды көрүү маселеси каралууда.