Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи этабынын алкагында ишкананын дагы бир корпусун куруу каралган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор болжол менен 230 млн долларлык инвестицияны камтыйт. Анда таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугу суткасына 2 миң тоннага чейин көбөйтүлүп, 60 МВтка чейин электр энергиясы өндүрүлөт.
Учурда тиешелүү долбоор белгиленген тартипте каралууда. Зарыл болгон чечимдер кабыл алынгандан кийин аны ишке ашыруунун мындан аркы тартиби аныкталат.
Айбек Жунушалиев таштандыларды кайра иштетүү системасын өнүктүрүү жыл сайын пайда болгон таштандынын көлөмүнүн көбөйүшүн эске алуу менен каралышы керектигин белгиледи. Долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу кайра иштетүүнүн көлөмүн акырындык менен көбөйтүүгө жана санитардык полигонго түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Мэр ошондой эле таштандыларды кайра иштетүү боюнча заманбап объектилерди өнүктүрүү менен бирге бүткүл аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана экологиялык тобокелдиктерди жаратуучу аракеттерге жол бербөө зарылдыгын белгиледи.